Жаңылыктар
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жыл жыйынтыгы
Маданият
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жыл жыйынтыгы

Быйыл маданият тармагы үчүн жемиштүү жылдардан болду. Эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу өлкөнүн театрларын оңдоого ири сумма бөлүндү. Маалымат тармагында аймактарда медиа борборлорду түзүү реформасы жүрүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында айтыды. Министрлик жыл ичи дагы кандай олуттуу иштерди аткара алды?

2019-жылы маданият тармагында көзгө көрүнөрлүк иштер аткарылды. Анын эң негизгиси - ири театрларынын оңдолушу. Мамлекет башчынын демилгеси менен өлкөнүн театрларын ремонттоого ири сумма бөлүндү.

Бул жыл маанилүү маданий окуяларга да бай болду. Сентябрь айында Таласта республикалык деңгээлде көчмөндөр оюндары болуп өттү. Улуттук оюндардын 10 түрү боюнча таймаш жүрүп, ага 10 миңден ашык адам күбө болду. Белгилей кетсек, жыл башында көчмөндөр оюндарын жыл сайын облустарда кезек-кезеги менен уюштуруу чечими кабыл алынган.

Ал эми эл аралык маанидеги Ош шаарында өткөн “Ош - Түрк дүйнөсүнүн борбору” аталышындагы иш-чарага 12 мамлекеттин өнөрпоздору келген. Кыргызстандыктарды шыктандырганы - 9-сентябрь - Комуз күнү деп жарыяланып, ак калпак жасоо чеберчилиги ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирди.

Маалымат тармагында реформа активдүү жүрүп жатат. 56 аймактык гезит-басылмалар, интернет-сайттар жана телерадио берүүлөр 7 облустук медиа борборго биригип, заманбап ыкмада иштөөгө өтөт.

Бул жылы туризмди өнүктүрүүгө багытталган 5 жылдык программа кабыл алынды. Анда туризм жаатында ишкерчиликти колдоо менен маркетинг тармагына басым жасалат. Ага ылайык, жер-жерлерде чет элдик туристтер үчүн маалымат борборлорду түзүү каралган. Анын сыноо үлгүсү натыйжасын бере баштады. Келерки 2020-жылга Туризм департаменти 10 кадамдан турган программа иштеп чыкты.

Быйыл Кыргызстанда 80ден ашык иш-чара, анын ичинде 7 эл аралык деңгээлдеги маданий иш-чара өткөн.