Жаңылыктар
Мыкты студенттерге президенттик стипендиялар тапшырылды
Билим
 Мыкты студенттерге президенттик стипендиялар тапшырылды

Ар бир өлкөнүн келечеги акылдуу, билимдүү жаштардан көз каранды. Бүгүн, жыл жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендиялар тапшырылды. Окууда жана коомдук иштерде өзгөчөлөнгөн 74 студент өлкө башчынын колунан мактоо баракчасын жана стипендия алышты. Алардын 21и аймактардан келгендер.

Президенттик стипендияга татыктууларды тандап алуу ар жылы уюштурулат. Ага жогорку окуу жайлардын окутуунун күндүзгү формасынын студенттери, аскер окуу жайларынын курсанттары катыша алат. Окуусун мыкты өздөштүрүп, изилдөөчүлүк жана коомдук иштерде активдүүлүгү менен айырмалангандарга Президенттин стипендиясы ыйгарылат. Мамлекет башчынын колунан стипендия алуу ар бир студенттин максатына айланган. Ал эми ага татыктуу болгондор үчүн бул чоң сыймык.