Жаңылыктар
Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган
Кырсык
Бүгүн Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланган

Казакстанда авиакырсыктан жараат алган 47 адам ооруканада жатат. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратты. Алардын ичинен сегизинин абалы оор, 38 кишинин абалы дурус деп бааланууда. Дагы бир адамдын ден соолугу канааттандырарлык.

Учак кырсыгына байланыштуу 28-декабрь Казакстанда жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланган. 

Эскерте кетсек, 27-декабрь эртең менен Алматы шаарынан алыс эмес аймакта "Bek Air" авиакомпаниясынын Нур-Султанга бет алган Fokker-100 учагы кулап түшкөн. Ичинде 95 жүргүнчү жана экипаждын беш мүчөсү болгон. Казакстандын Ички иштер министрлиги каза болгондор 12 адам экенин расмий жарыялады. Кырсыкта көз жумгандардын арасында Казакстан генералдар кеңешинин башчысы, юстициянын генерал-майору Рустем Кайдаров жана Informburo.kz порталынын редактору Дана Круглова да бар.