Жаңылыктар
Соттук-укуктук реформа негизинен үч багытта жүрүп жатат
Саясат
Соттук-укуктук реформа негизинен үч багытта жүрүп жатат

Кыргызстанда 1-январдан тартып жаңы Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Бузуулар тууралуу кодекс күчүнө кирди. Андан тышкары "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдардын жаңы редакциясы иштей баштады. Булардын ичинен Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстер жаңы мыйзамдардын катарын толуктады. 

Бул мыйзамдарды даярдоо жана ишке киргизүү боюнча аракеттерге үч жылга жакын убакыт короду. Бийлик кодекстерди жаңыртуунун зарылдыгын көптөн бери сөз болуп, бирок ийгиликтүү ишке ашпай келген соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу муктаждыгы менен түшүндүргөн. Эми бул мыйзамдар өзгөргөн соң сот реформасын ишке ашырууга оңой болорун буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу билдирген.