Жаңылыктар
Өлкө аймактарында таза суу маселеси чечиле баштады
Экономика
Өлкө аймактарында таза суу маселеси чечиле баштады

2019-жыл каалгасын жабарына саналуу гана күндөр калды. Белгилүү болгондой мамлекет башчысынын демилгеси менен быйылкы жыйынтыкталып жаткан жыл «Аймактарды өнүтүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланган. Жыл ичи бул багытта арбын жумуштар жасалып, айрымдарынын жыйынтыктары көрүнүп калды. 

Алардын ичинен эң башкысы калкты иче турган таза суу менен камсыз кылуу маселеси болуп калды. Анын үстүнө бул жагдайды мамлекеттик саясаттын бир бөлүгү катары карасак болот. Эске сала кетсек Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук стратегиясында Таза суу артыкчылыктуу багыттардан болуп саналат.