Жаңылыктар
Туруктуулук болмоюн, өнүгүү мүмкүн эмес
Саясат
Туруктуулук болмоюн, өнүгүү мүмкүн эмес

Экономикалык коопсуздуктун камсыздалышы өз кезегинде жарандардын экономикалык ишмердикти эркин жүргүзүшүнө шарт түзөт. Негизги максат- жарандардын жакшы жашоосу үчүн материалдык базаны түзүү. Бул өңүттөн алганда жарандар бири-бири менен тыгыз байланышкан. 

Бир адамдын тиричилик шартынын жакшырышы менен коом үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шартты бөлүп кароого болбойт. Мамлекеттин эң кичине ячейкасы үй бүлө экенин эске алганда, коомдун эң майда бөлүгү-бул индивид. Бир адам үчүн түзүлгөн жакшы шарт бүтүндөй коомго таасир этет. А мунун баарын бириктирип турган социалдык саясат.