Жаңылыктар
Жыл башынан бери 150 миңден ашуун балага сүйүнчү пул берилди
Кыргызстан жаңылыктары
Жыл башынан бери 150 миңден ашуун балага сүйүнчү пул берилди

Жыл башынан бери 150 миңден ашуун балага сүйүнчү пул берилди. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. 2018-жылы сүйүнчү акча 117 миң балага берилген. Бул жылда сүйүнчү пул алуу жеңилдеди. Азыркы күндө балага сүйүнчү пул алыш үчүн эч кандай документтин кереги жок. Бала төрөлгөндө туулгандыгы тууралуу күбөлүк алыш үчүн, Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылганда эле «мен балага сүйүнчү пул алам» деп оозеки билдирүү менен элетрондук арыз толтурулат. Ал арыз социалдык өнүгүү министрлигине түшөт да маалымат "Айыл банк" же РСК банкына жөнөтүлөт. 

Жыйынтыгында сүйүнчү пулду эки күндө алса болот. Сүйүнчү акчанын өлчөмү бир бала үчүн 4000 сом. Өкмөт быйыл ноябрь айында үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта, жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сом берүүнү чечкен. 2018-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда балага сүйүнчү чегерилген.