Жаңылыктар
Соттук-укуктук реформа: мыйзамдагы жетишпегендик жана кемчилдиктер каралды
Кыргызстан жаңылыктары
Соттук-укуктук реформа: мыйзамдагы жетишпегендик жана кемчилдиктер каралды

2019-жылдын ичинде соттук-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган ченемдик укуктук актыларын талдоо боюнча, жумушчу топ мамлекеттик органдардын 145тен ашуун мыйзамдык демилгелеринде жетишпегендик жана кемчилдиктердин болушун карады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жумушчу топтун жыйынында билдирди. 

Ошондой эле ведомстволор аралык топтун аянтчасында укук колдонуу тажрыйбасы жана укук коргоо органдарынын, мамлекеттик бийлик органдарынын келип чыккан маселелери каралып, аларды чечүү сунуштары берилди. Жыйындын жүрүшүндө Кылмыш кодексине, Жоруктар жөнүндө кодексине жана Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу 5 маселе каралган. Алар маданият жана маалымат, дин, терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү, жасалма документ жана аны пайдалануу мамилелерин, ошондой эле аксакалдар соту институтунун мындан аркы ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган. 

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Юстиция министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрүнүн баяндамаларынын жана ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан жүргүзүлгөн талкуулардын жыйынтыгы менен «Маданият жана маалымат чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»; «Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзам долбоорлорун жактыруу жана илгерилетүү расмий процедураларын баштоо чечими кабыл алынды. 

Ошондой эле Юстиция министрлигине жана Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик комиссиясына алар сунуштаган мыйзам долбоорлорун толуктап иштеп чыгуу тапшырылды.