Жаңылыктар
Өлкөдө “Бирдиктүү терезе” кызматын жайылтуу 2020-жылы улантылат
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө “Бирдиктүү терезе” кызматын жайылтуу 2020-жылы улантылат

“Бирдиктүү терезе” кызматын айыл өкмөттөрдө ачуу, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү иштери 2020-жылы улантылат. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өткөн “телекоммуникация” форумунда кеңири талкууланды. Иш-чарага телекоммуникация жана мобилдик байланыш тармагынын адистери, айыл аймактын башчылары катышты. Тегерек столдо “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылында жасалган иштер, келээрки жылга аткарыла турган жумуштар пландалды. Быйыл Ала-Бука району боюнча 8 айыл өкмөттө “бирдиктүү терезе” ишке кирген. Андан сырткары, “бирдиктүү терезе” принцибинде кызмат көрсөтүүгө өткөн мекеме-ишканалар дагы бар. 2019-жылы райондо мектептердин 90 пайызы интернетке туташтырылып, 4 мектептин китепканасы электрондоштурулган.

“Бул форумдун башкы максаты- мамлекеттик кызматтарды электрондук форматка өткөрүү, элди тейлөөгө ыңгайлуу шарт түзүүнүн жолун аныктоо. Андан сыткары ишкерлер чөйрөсүнө шарт түзүү, билим берүү тармагын электрондоштуруу тууралуу талкуу кылдык. Жалпылап айтканда, 2020-жылы дагы телекоммуникациялык инфраструктураны жакшыртуу боюнча иш алып бармай болдук”,- деди Ала-Бука районунун акими Эмилбек Абдыкадыров. 
"Быйыл биз облус боюнча 174 мектепке сапаттуу интернет жеткирдик. Андан сырткары, мамлекеттик мекеме-ишканлар дагы камсыз болду”,- деди “Кыргызтелекомдун” Жалал-Абад облусундагы бөлүмүнүн директорунун орун басары Алмазбек Исаков.