Жаңылыктар
Салттуу музыка жумалыгы республиканы камтыйт
Маданият
Салттуу музыка жумалыгы республиканы камтыйт

Кыргызстандын бардык аймагында 2020-жылы салттуу музыка жумалыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти. Маалыматта айтылгандай, келерки жылы салттуу музыка жумалыгынын алкагындагы иш-чаралар борбордо гана эмес, республика боюнча өтөт. 

Жумалыктын негизги максаты жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү болуп саналат. Маданият министрлигинин буйругу менен бул иш-аракеттер боюнча иш алып бара турган атайын уюштуруу комитети түзүлөт. Иш-чараларга министрликтин карамагына караган бардык окуу жайлар тартылат”, - деп айтылат маалыматта. 

Салттуу музыка жумалыгынын алкагында өлкөдөгү эл артисттеринин жана маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер катышкан мастер-класс, тегерек стол, чет өлкөлүк жана жергиликтүү мугалимдер, ошондой эле искусство таануучулардын лекцияларын уюштуруу пландалып жатат. Алгачкы жолу салттуу музыка жумалыгын белгилөө жөнүндө буйрук Маданият министрлиги тарабынан 2008-жылы чыгып, 2009-жылы белгиленген.