Жаңылыктар
Ысык-Көл облусундагы элге таза суу жеткирүү аракети
Аймак
Ысык-Көл облусундагы элге таза суу жеткирүү аракети

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз, Ак-Суу, Тоң жана Түп райондорундагы бир катар айылдарда таза суу долбоору ишке ашырылууда. Төрт айылда жыл аягына чейин куруу иштери аяктап, эл таза суу менен толук камсыз болот.

Тамга айылына таза суу чыгаруу үчүн быйыл Дүйнөлүк банк тарабынан кырк төрт миллион сом бөлүнгөн. Азыр таза сууну жүз кырк метр жер алдынан чыгаруу иштери жүрүүдө. Айыл эли буга чейин тоодон агып түшкөн суудан ичип, тиричилигине да колдонуп келишкен.

Долбоорго ылайык быйылкы бөлүнгөн каражат таза сууну жер алдынан чыгарып, айыл четине чейин алып барууга жана суу топтоочу жайларды салганга гана жетет. Айыл ичиндеги суу түтүктөрүн жаңылоого жетпей калат. Тамга айылындагы эл ичүүчү таза сууга чындап муктаж. Себеби жай айларында бул айылга миңдеген эс алуучулар келип туризм аркылуу өз алдынча өнүгүү жолуна түшүп келе жатат.

Эске сала кетсек быйылкы жылы жалпы Ысык-Көл облусу боюнча жети айылда таза суу тутуму салынып элге колдонууга берилди. Мунун үчөө республикалык бюджеттен, төртөө дүйнөлүк банктын эсебинен бүткөрүлдү. Мындан сырткары Тоң районунун Туура-Суу айылында таза суу тутумун салып жаткан мекеме жоопкерчиликтүү мамиле жасап эки жылда бүтчү курулушту быйыл эле бүтүрүп элге таза суу берди.