Жаңылыктар
«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020»: 135 жаран үйлүү болду
Экономика
«Жеткиликтүү турак жай 2015-2020»: 135 жаран үйлүү болду

Жарандардын социалдык турмушун жакшыртууга өкмөт тарабынан бардык аракеттер  көрүлүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында бюджеттик кызматкерлерге турак жайдын ачкычын тапшыруу учурунда  билдирди. 

«Турак жайды ижара менен сатып алуу» механизми боюнча медицина, билим берүү, маданият жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү 130 кызматкер Бишкек шаарынын «Тунгуч» кичи районундагы жаңы 9 кабаттуу үйдөн батир алышты.

Гүлнур Сманбекова, "Биринчи радио"