Жаңылыктар
Ош шаарында калаа башчысынын майрамдык балатысы уюштурулду
Аймак
Ош шаарында калаа башчысынын майрамдык балатысы уюштурулду

Ош шаарындагы Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрында калаа башчысынын майрамдык балатысы уюштурулду. Шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов катышуучуларга ден соолук, окууларына ийгилик каалады. Андан кийин маданият кызматкерлери тарабынан даярдалган чоң концерттик программа тартууланды. Соңунда ар бир балага майрамдык таттуу белектер тапшырылды. 

Иш-чарага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, турмуш шарты начар үй-бүлөдө тарбияланган жана мектепте ийгиликтерди жараткан мыкты окуучулар жана ата-энелер катышты.