Жаңылыктар
Автомай куюу жайларына эсептөөнүн автоматташтырылган системасы орнотулат
Экономика
Автомай куюу жайларына эсептөөнүн автоматташтырылган системасы орнотулат

Өкмөт ишкерлердин санарип системага жеңил шартта өтүүсүн камсыз кылуу үчүн автомай куюучу жайлар үчүн нефть азыктарын куюуну эсептөөнүн автоматташтырылган системасын 2020- жылдын 1- июлуна чейин жылдырды.

Эске салсак, бул жааттагы ишкерлер кыска аралыкта электрондук системага өтүү мүмкүн эместигин айтып, өкмөттөн эки жыл мөөнөт берүүнү суранышкан.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын баардык май куюучу жайларында автоматташтырылган эсеп системасы 2020- жылдын 1-январынан тартып ишке кирмек. Адистер мындай ыкма өз кезегинде аткезчиликке бөгөт болоорун айтып келет. 

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"