Жаңылыктар
Москвада волейбол боюнча турнир өттү
Мекендештер
Москвада волейбол боюнча турнир өттү

Москва шаарында волейбол боюнча турнир аяктады. Анда кыргыз, Азербайжан менен Тажикстандын курама командалары күч сынашты. Спорт биримдикти чыңдайт! Москва шаарында Евразия биримдигинин кубогу үчүн волейбол боюнча турнир өттү. Оюн Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган.

Буга чейин бир жума мурда кичи футбол боюнча турнир өткөрүлгөн. Бул ирет “Луч” маданий-спорттук комплексинде эркектердин жана кыз-келиндердин жалпы, 26 командасы волейбол боюнча күч сынашты. Кыргызстандык оюнчулардан сырткары, Азербайжан менен Тажикстандын курама топтору да оюн талаасында беттешти. Алардын көпчүлүгү эмгек мигранттары. Оюндар абдан кызыктуу өттү. Эки күнгө созулган таймаштын финалдык бөлүгү, күйөрмандардын кыйкырык-сүрөөнү менен коштолуп, кызуу беттеш болду. Оюнчулар да аягына чейин активдүүлүгүн көрсөтө алды.

Ошентип, жеңүүчүлөрдүн атын атоо мезгили да келип. Эркектер арасында кубок жана 100 миң рубльга “Ысык-Көл” командасы ээ болду. Экинчи орунду багындырган “Ноокат” тобу 70 миң рубль менен сыйланды. Ал эми 50 миң рубль 3-орун үчүн, тажикстандык “Нур-2” командасынын оюнчуларына тапшырылды. Ал эми кыз-келиндер арасында биринчиликти “Ала-Арча” командасы алып, кубок жана 100 миң рубльга ээ болду. Экинчи орунда “Ак-Буура” тобу, 70 миң рубль менен сыйланса, “Мундуз” тобунун волейболчулары 50 миң рубль менен үчүнчү орунду багындырды.

Мындай турнирлер Москва шаарында алгач ирет болуп жатат. Элчи Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, эми мындай спорттук иш чаралар жыл сайын өткөрүлүп турмакчы.