Жаңылыктар
АКШ Ирак менен Сириядагы куралдуу топко сокку урду
Дүйнө
АКШ Ирак менен Сириядагы куралдуу топко сокку урду

29-декабрда Кошмо Штаттары Ирак жана Сирияда “Катаиб Хезболла” куралдуу кошуунунун беш атайын жайына сокку урду.

Пентагон билдиргендей, Ирактын бир жана Сириянын үч району “Катаиб Хезболланын” көзөмөлүндө турат.

АКШнын коргоо министринин жардамчысы Жонатан Хоффмандын Пентагондун веб-сайтына жарыяланган билдирүүсүндө “Катаиб Хезболланын” Ирактагы коалициялык күчтөрдүн базаларына жасаган чабуулдарына жооп иретинде Кошмо Штаттары Сириядагы жана Ирактагы куралдуу кошуундун беш жайына так коргонуу соккуларын урду. Бул “Катаиб Хезболланын” мизин кайтарат” – деп айтылат.

Билдирүүдө айыпталган “Катаиб Хезболла” кошууну Киркук шаарындагы коалициялык күчтөрдүн аскер базасына ракеталык чабуул койгондо АКШнын жоокери курман болуп, төрт америкалык жана эки ирактык аскер жараат алган.

Пентагондун билдирүүсүндө айтылгандай, сокку урулган жайларда “Катаиб Хезболла” кошуунунун курал-жарак кампалары, чабуулдарды башкаруу жана ишке ашыруу борборлору жайгашкан.

«Reuters» агенттиги Кошмо Штаттары соккуну учкучсуз аппараттар менен ишке ашырган болушу мүмкүн деп маалымдады.

Январь айында АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Иракта беш миңдей америкалык аскер кызматкери бардыгын билдирген. Сирияда Кошмо Штаттардын миңдей жоокери жайгашкан.