Жаңылыктар
Кара-Буура: мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө белектер тапшырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Буура: мүмкүнчүлүгү чектелген өспүрүмдөргө белектер тапшырылды

Бүгүн, 30-декабрда Кызыл-Адыр айылында мүмкүнчүлүгү чектелген жана жашоо шарты татаал жашаган жаш өспүрүмдөргө жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Аталган саамалык Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, аким Баратбек Сыдыкназаров жана Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жетекчиси Арген Бекболотов тарабынан уюшулду.

Кошумчалай кетсек, Кара-Буура РИИБнин коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери милициянын көчмө кабылдамасы, райондун аймагында өтүлүп жаткан жаңы жылдык маарекелерди көзөмөлгө алышып, коомдук тартипти жана жол коопсуздугун болтурбоо максатында күчөтүлгөн тартипте иш алышып барышууда.