Жаңылыктар
Кыргызстанда сот арачылары 2025-жылы иштей баштайт
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда сот арачылары 2025-жылы иштей баштайт

Бул институттун мөөнөтүн жылдыруунун шартын бекемдеген айрым мыйзам актыларына жана Жазык, Жоруктар жөнүндө, Жазык-процесстик, Жазык-аткаруу кодекстери менен Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө өзгөртүү толуктоо киргизилген Мыйзамга Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Жыл жаңыргандан баштап Бишкек менен Ош шаарында сот арачылары институту иштей баштамак. Бирок сот арачылары жөнүндө мыйзамды колдонуу мөөнөтү беш жылга жылдырылды. Ага бир катар себептер бар. Биринчиден сот арачылары иш алып барууга шарт түзүлбөгөнү болсо, экинчи жагы тиешелүү материалдык техникалык базаны түзүү зарыл. 

2025-жылга чейин мыйзамдарды кынтыксыз иштеп чыгууга убакыт болот. Себеби эксперттик топ айрым карама-каршы келген жагдайлар бар экенин аныктаган. Ошол эле учурда институтту киргизүүгө чоң каражат талап кылынат. Кыргызстанда сот арачылардын иштей башташы соттук-укуктук реформанын бир бөлүгү. Анын үстүнө сот арачылар институтун киргизүү сот системасында эл аралык талаптардын бири болсо, экинчи жагы институтту түптөө Баш мыйзамда да көрсөтүлгөн. Сот арачылары өтө оор кылмыштар боюнча чечим кабыл алышат.