Жаңылыктар
Табылды Актан III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды
Кыргызстан жаңылыктары
Табылды Актан III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрынын артисти Табылды Актанов III даражадагы Манас ордени менен сыйланды.  Табылды Актанов! Бул ысымды кино сүйүүчүлөр Табылды ага жараткан рольдордон, ыр жандуулар анын керемет обондорунан, ал эми манасчылык өнөрдү баалагандар манасты ийине жеткире айткан манасчы катары тааный. Обончу, төкмө акын, драматург, режиссёр, театр жана кино актёру. Мына ушундай ар тараптуу талант ээси 52 жылдык өмүрүн чыгармачылыкка арнаган. 70ке чыкса да чарчадым деп отуруп албай, жаштайынан сахнаны экинчи үйү кылып алган Табылды Актанов менен театрдан кезиктик. Шакирттери менен алдыдагы спектакльге дарданып, эч нерседен кабары жок иш менен алек артистке сыйлык алаарын сүйүнчүлөп кирип бардык. Кубанычтуу кабар ал үчүн күтүүсүз болду. Табылды ага сыйлык сурап, эмгегимди баалап койгула деп
эч кимдин эшигин какпаган, сүйгөн кесибинин, өзү иштеген театрдын дыйканы. Бирок, качандыр бир кезде эмгеги бааланарын жүрөгүнүн түпркүрүндө туюп жургөнүн айтат. 

Өзгөчө өнөр ээси, мыкты устат, театр аксакалы Табылды Актановдун жогорку сыйлыкка татыганы, болгондо да III даражадагы Манас ордени менен сыйланып жатышы театр жамаатына жаңы жыл алдындагы белек болуп калды. Себеби сыйлык бир адамдыкы болсо, сыймык - театрдыкы.

Жетимиштен ашуун обондун ээси, “Чыңгыз хандын ак булуту” “Белгисиз маршрут, “Айыл өкмөт”, “Сүтак” сыяктуу бир катар фильмдерде роль жараткан мыкты актёр, драматург, манасчы Кыргыз Республикасынын эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты, Кытай, Түркия, Индияда өткөн эл аралык театр фестивалдарынын лауреаты Табылды Актановдун чоң атасы Тыныбек, өз атасы Актан да өнөрлүү адамдар болгон. Табылды Актанов үзүлбөй келе жаткан өнөрдүн үчүнчү мууну.