Жаңылыктар
Александр Фёдоровдун эмгеги бааланды
Кыргызстан жаңылыктары
Александр Фёдоровдун эмгеги бааланды

Сыйлык ала турган ишмерлердин катарында белгилүү фотосүрөтчү Александр Фёдоров да бар. Маданиятка кошкон салымы эске алынып, ага “Даңк” медалы ыйгарылууда. Каарманыбыз Кыргызстандын атагын арттырган кинолорду тартуу учурунда кадр сыртындагы көз ирмемдерди сүрөткө айландырган. Каарманыбыз “Кыргызфильм” киностудиясында узак жылдар бою эмгектенген. Маданияттын баа жеткис мурасы болгон көркөм тасмаларды тартуу учурундагы кадр сыртындагы көз ирмемдерди таберик кылып калтырды. Зенит үлгүсүндөгү эски фотоаппараттарын азыр да сактап жүрөт.

Жетимиш жаштагы чыгармачыл инсандын иш кеңсеси сүрөткө толгон. Үч бөлмөлүү батирден кыргыз маданиятынын даңазалуу ишмерлеринин элесин жана кооз табиятты көрүүгө болот. Булардын баары жалгыз Александр Фёдоровдун эмгектери. Жүздөгөн сүрөттөрүн электрондук форматка өткөрдү. Аларды көрүп отуруп Фёдоровдун иш күндөрү залкарлар менен бирге өткөнүн баамдоого болот. 

Эмгек жолу тууралуу айта турган болсок каарманыбыз эгемендүүлүк жылдарында бир катар журнал, гезиттерде фотокабарчы болуп эмгектенген. Мугалимдик ишти да аркалап, Борбор Азиядагы Америка университетинде сабак берген. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамынын ээси. Ал эми жакында ала турган сыйлыгы тууралуу жарлык жөнүндө кабарды бизден укту. Тажрыйбалуу фотосүрөтчүгө “Даңк” медалы ыйгарылат.