Жаңылыктар
Сууктун кесепетинен 50 адам каза болду
Дүйнө
Сууктун кесепетинен 50 адам каза болду

Бангладеште сууктун кесепетинен 50 адам каза болду. Ал жакта ооруканалар адамдарга толгон. Адамдар арзан кирешеден улам жетишерлик деңгээлде жылуу кийим алганга мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. Ага ылайык, ал жакта сууктун кесепетинен 50дөн кем эмес адам курман болду. Алардын ичинен 17 адам курч жугуштуу оорулардын курмандыгы болсо, 33 адам ич өткөктөн каза болгон. Өлкөнүн ооруканалары грипп жана пневмония менен ооруган адамдарга толгон. Өлкөдө бул жылы абанын температурасы -4,5 градус целсияны түзүп жатат. Мындай суук жана коюу туман бир канча күн өкүм сүрөрүн божомолдоп жатышат.



Улуу Британиянын 66 жаштагы тургуну Генри Приддинг учурда жасалма тил менен жашайт. Мындай абалга жетишине анын чылым көп чеккени себеп болгон. Бул окуя тууралуу чет элдик басылмалар жазууда. 12 жаштан бери чылым чегип келген Генри 62 жашында рак илдетине кабылган. 14 саатка созулган операцияда Генринин 10 тишин жулуп, терисинен жасалма тил коюшкан. Ал эми жаагын карматуу үчүн бетине металлдан темир, ийне орнотулган. Ушундай жыйынтыкка кептелгенде гана ал чылым чегүүнү токтотуп, башкаларга да жаман адаттан арылууну сунуштаган. Кызыгы, анын жубайы да бир нече жыл мурун өпкө шишигине кабылып, чылым чегүүнү токтоткон. 2012-жылы химиялык терапияны өткөн соң жубайы илдеттен арылганы белгилүү болгон. Ушул окуядан соң Генринин 5 баласы, 12 небереси тең чылымдан алыс жашап келишет. 



Тажикстанга 1 миллион доллар инвестиция кылган ар бир инвесторго 5 жылга виза берилет. Бул тууралуу тажик басылмалары жазышты. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Тышкы иштер министрлигине миллиондоп инвестиция кылгандарга виза берүү тапшырмасын берди. Ошондой эле чет элдик туристтерге туристтик визаны 45 күндүктөн 60 күнгө чейин узартты. 



Испанияда башталгыч класстын мугалими Вероника Дуке мектепке дененин түзүлүшүн чагылдырган костюмду кийип келип, өзгөчө сабак өткөн. Бул тууралуу испаниялык басылмалар жазып чыкты. Окуучуларга түшүнүктүү болушу үчүн жана кызыгуусун жаратуу максатында испаниялык мугалим окутуунун өзгөчө ыкмасын колдонуп, коомчулукту таң калтырган. Ал 15 жылдан бери мугалим болуп, табигый илимдер, искусство, англис тили жана испан тилин окутат. Мындай идеясын анын күйөөсү Майкл колдоп, Twitter баракчасына бир-эки сүрөтүн жарыялаган. Сабак учурунда тартылган сүрөт социалдык тармактарда желдей тарап, аз эле убакта популярдуу болгон. Мугалимдин айтуусу боюнча, ал дүкөндөн өзгөчө костюмду көрүп калып, анатомия сабагы үчүн эң мыкты жардам болорун ойлоп, сатып алган. “Мен мурда эле тарых сабагына костюмдарды колдонууну чечкем. Ошондой эле грамматика сабагында картондон жасалган кутучаларды колдоном. Коомчулук мугалимдерди жалкоо деп атаганын токтотсо дейм. Биз өз кесибибизди сүйөбүз” – деп айткан.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"