2020-жылдын март айында Улуттук онкология жана гематология борборуна линиялык тездеткич аппараты алынып келинет. Аны сатып алуу үчүн өкмөт Кумтөр кенинен түшкөн каражаттан акча 7 миллион доллар болгон. Ага ылайык келерки жылы аталган аппарат келет.
Онкологиялык дартка чалдыккандарды дарылоочу заманбап линиялык тездеткичтин орнотулушун, бул ооруга чалдыккан бейтаптар менен кошо дарыгерлер да күтүүдө. Анткени медициналык жабдуунун Кыргызстанда бар болушу рак оорусунан каза болгондордун санын азайтууга көмөкчү болот.
Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"