Жаңылыктар
Оң рулдуу унааларды пайдаланууда айып пул салынбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Оң рулдуу унааларды пайдаланууда айып пул салынбайт

2020-жылдын 1-январынан тарта оң рулдуу унааларды коммерциялык максатта пайдаланган жактарга айып пул салынбайт. Өкмөт жүргүнчүлөрдү, жол жүгүн жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн оң рулдуу унааларды пайдалануунун социалдык маанисин эске алуу менен Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун көрсөтүлгөн тыюу салуунун күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылга чейин жылдыруу жөнүндө демилгесин колдойт. 

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, айрым унаа ээлеринин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын позициясы эске алынып, парламент тарабынан мыйзам долбоорунун тагдыры чечилгенге чейин 2020-жылдын 1-январынан тартып унаалардын бул категориясын айдоочуларга айып салбоо чечими кабыл алынды.