Жаңылыктар
Сыйкырдуу жомок сымал кооздолгон Москва
Мекендештер
Сыйкырдуу жомок сымал кооздолгон Москва

Москва шаарында “Рождествого саякат” фестивалы өтүүдө. Шаардын көптөгөн аянттары өзгөчө кооздукка бөлөнүп, көчөлөрдө көз жоосун алган шамдар жанып, түрдүү жарманкелер уюштурулуп, шоу- концерттер уюштурулуп, айтор шаар тургундары менен меймандары майрамдык шаңга бөлөнүүдө.

Москва майрамдык кооздукка бөлөнүп, өзгөчө арт-жасалгалар көргөндүн көз жоосун алат. Шаар тургундары менен меймандары жаңы жылдык шаңга күбө болуп, жомоктогу сыйкырдуу дүйнөгө келип калгандай элес калтырат.

Михаил Мурашко Совет мезгилиндеги жакшы көз ирмемдерди эстеп өттү. Пенсияга чыккыча СССРдин Транспорт министрлигинде эмгектениптир. Михаил Семенович ВДНХда убакыт өткөрүүнү жактырат. Бул жер анын балалыгы өткөн убакты эске салып, 15 мамлекеттин курчоосунда жүргөндөй, жылуу сезимге бөлөнөрүн айтат.

Бул жерден биз мекендешибиз Алия Примбердиеваны да кезиктирдик. Ал Бишкек шаарындагы №49 орто мектепти бүтүрүптүр. Билим уясындагы мугалимдерди, классташтарын сагынганын, убагында жакшы мезгил кечиргенин айтты.
Жаңы жыл – өткөндү эске салып, азыркы менен келечекке жакшы тилектирди ыроолоп, максаттарга карай кадам таштаган жылуу майрам. 2020-жыл ар бир өлкөгө, ар бир үй бүлөгө жалаң жакшылыктарды, бакыт-таалай, ырыскы алып келген жылдардан болсун!