Жаңылыктар
Жолдогу жемкорлук чектен ашты
Коррупция
Жолдогу жемкорлук чектен ашты

Оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары Коомдук биринчи каналга жардам сурап кайрылды. Алар салмакка болгон чектөөлөрдө болуп жаткан коррупциялык иштер чектен чыгып баратканын айтат. Негизи бул тармакта коррупциялык схема иштейт деген кептер бир нече жылдан бери эле айтылып келет. 

Көп жылдан бери оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу болуп иштегендердин атынан келдик деген бул жарандар, салмакты көзөмөлдөө кызматына нааразы. Ансыз да күн-түндөп унаа башкарып жолдо жүрүп, акча таап үй-бүлө багалы дешсе, ар бир текшерген өткөрүү бекетине акча берип отуруп, пайда деле көрбөй калышты.



Салмакты көзөмөлдөө кызматынын башчысы деле өткөрмө бекеттеринде паракорчулук бар экендигин танбайт. Бирок жетекчилик тарабынан иликтенген фактыларга ылайык, акыркы бир жарым жыл ичинде кызматкерлердин тең жарымы жумушунан кол жууган.

Биздин чыгармачыл топ сөз болуп жаткан айтылуу Маловодное бекетине барганыбызда, ашыкча жүк текшерилип жаткан учурга туш болдук. Бул оор жүк ташуучу унаанын ээси Алым Жээнбаев, Ош облусуна курулуш материалдарын жүктөп бараткан.

Мына ушундай жагдайлардан улам, жолдордун абалы начарлап, жада калса керектен чыгып жатканын маалымат каражаттары байма-бай чагылдырып келет. Канча аракет болгону менен өткөрмө бекеттеринде паракорчулук тыйылгыдай эмес. 

Өткөрмө бекетиндеги коррупциянын гүлдөп жатканына, кайсы бир деңгээлде айдоочулардын да тиешеси бар. Анткени унаасына эмне жүк салса дагы, кызмат акысы анын ар бир килограммына карата алынат.
Мына ушундай бирине-бири шылтаган жагдай. Тиешелүү мыйзамды эч кимдин аткаргысы келбейт, эптеп акча табуунун жан алакети. Мунун баары качан жоюлат, ким көзөмөлдөйт, азырынча белгисиз. Ал арада эл аралык маанидеги жолдор акырындык менен талкаланып жатат.