Жаңылыктар
Жараат алган жаран өткөрүлдү
Чек ара
Жараат алган жаран өткөрүлдү

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматынын өкүлдөрүнүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Жалал-Абад облусуна караштуу Сары-Көпүрө аймагынын Өзбекстан менен чектешкен “Кеңсай авто жолу" өткөрмө бекетинде октон жараат алган жаран Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлады. 

Эскерте кетсек, 9-январда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Сары-Көпүрө аймагындагы чектешкен жерде эки тараптын аскер кызматкерлеринин ортосунда чыр чыккан. Натыйжада Аксынын 33 жаштагы тургуну октон жараат алган. Чек ара кызматынын айтымында, анын абалы азыр канааттандырарлык. Калган үчөө Жалал-Абад облусундагы чек арачылар тарабынан кармалган. Окуянын себептерин эки тараптын чек арачылары биргелешип иликтөөдө.