Жаңылыктар
Медициналык жайдагы жетекчиге болгон нааразычылык
Кыргызстан жаңылыктары
Медициналык жайдагы жетекчиге болгон нааразычылык

Кыргыз илимий изилдөө жана калыбына келтирүү институтунун башчылыгына былтыр дайындалган Махмуд Султанмуратов ээлеген кызматына татыксыз деп мекеменин айрым кызматкерлери Коомдук биринчи каналга кайрылган. Алар журналисттерден медициналык жайдагы мыйзам бузууларды иликтеп берүүнү суранган. 

Биздин каналга арыз менен кайрылгандар а дегенде эле Султанмуратовдун мыйзамсыз кызматка дайындалганын жазышкан. Анткени Воронцовкадагы дарылай турган курорт илимий болгондуктан анын башчысын дайындоого Билим берүү жана илим министрлигинен да макулдук керек. Бирок министрлик Султанмуратовдун талапкерлигине караманча каршы чыккан.

Билим берүү жана илим министрлигинин каршы чыкканы жөн жерден эмес. Анткени 2003-2006-жылдары Махмуд Султанмуратов мурда да 3 жыл институтту жетектеп, бирок бир катар мүчүлүштүктөрдү кетирген. Маселен мекемеге тийиштүү болгон 64 батирди менчиктештирүүгө чыгарып жиберген. Бул боюнча убагында кылмыш иши да козголгон, дейт Руслан Амираев.

Бирок Махмуд Султанмуратов бул айыптоолорду четке кагат. Ал 64 батирди мекемеде иштеп жаткандардын энчисине мыйзамдуу чыгарып бергенин айтты. Ал эми аны кайрадан директор кылып дайындоого Билим берүү министрлигинин каршы чыкканын жеке мамиле деп эсептейт.

Султанмуратов өзүнүн дарегине карата сын пикирди, мурдагы директордун жакындарынан куралган чакан гана топ атайылап жасап жатат деп билет. Бирок кызматкерлердин арасында эртең басым болбосун деп сүйлөбөй отургандары да бар дешет. Анткени мындай арыздануу текшерүүлөр көп болуп, эч кандай жыйынтык чыкпай келет дейт бөлүм башчы.

Арызданып жаткан тараптын колунда Эсеп палатасынын жана тендер боюнча иликтөөгө алган Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын документтери бар. Ал эми директор Махмуд Султанмуратов болсо, кайсы маселе болбосун комиссия чечкен, комиссия күбө деген сөздөргө таянууда.