Жаңылыктар
Жаңы жыл түнү Ала-Тоо аянтында 12 бала жоголуп кайра табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жыл түнү Ала-Тоо аянтында 12 бала жоголуп кайра табылды

1-январга караган түнү Жаңы жылды майрамдоо учурунда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 12 бала жоголуп, милициянын жардамы менен кайра ата-энесине кайтарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Жаңы жылды майрамдоо түнү Бишкекте коомдук тартипти эки миңден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөдү. Негизги майрамдык иш-чара Ала-Тоо аянтында өтүп, эстрада ырчыларынын концерти болду.

Жалпысынан республика боюнча 10 миң ички иштер кызматкери тартипти сактоо иштерине тартылды.