Жаңылыктар
Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык салтанат өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык салтанат өттү

Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык салтанат өттү. Майрамдык кечеге калың эл чогулуп, келгендердин саны 13 миңге жеткени айтылды. Борбордук аянтта орнотулган сахнада чыгармачыл топтор майрамдык маанай тартуулап, калаа тургундары үчүн түрдүү оюн зоокторду уюштурушту. 

Салтанатка калаа жетекчилиги да катышып, 2019-жыл Ош шаары үчүн маанилүү жыл болгонун жана Түрк дүйнөсүнүн борбору макамына татыктуу иш-чаралар аткарылганын белгиледи. Бул саамалык үчүн салым кошкон жана жоопкерчиликтүү мамиле кылган калаа тургундарына ыраазычылыгын билдирди. Аны менен катар калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртып жана шаардын инфратүзүмүн өнүктүрүү үчүн салмактуу иштер жасалганын, жана бул аракеттер 2020-жылы өз нугунда уланаарын убада кылды. Саамалыкта жаңы жылга карата мыкты образ жарата алган калаа тургундары мэриянын белектерине арзышты. Кече майрамдык программа менен коштолуп, асманда майрамдык фейерверк жанды.