Жаңылыктар
Жаңы жыл түнү кандай өттү?
Кыргызстан жаңылыктары
Жаңы жыл түнү кандай өттү?

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы жаңы жылдык майрамдан соң, 3 тонна таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери таң эртеден тарта нөөмөттө турушкан. Жалпысынан аянтты тазалоого 60 жумушчу жана 5 атайын техника тартылып, 20 куб таштанды чыгарылган. "Тазалыктын" кызматкерлери аянттагы таштандыларды түнкү саат үчкө чейин тазалашкан. "Ала-Тоо" аянтынын аймагында кошумча 20 чоң желим контейнер жана 10 евроконтейнерлер коюлган. Ошондой эле, жаңы жылдык иш-чараларда милиция жана дарыгерлер күчөтүлгөн тартипте иштеди.