Жаңылыктар
Коррупция менен болгон күрөштөн чогулган акчага өлкө боюнча 15 мектеп курулууда
Коррупция
Коррупция менен болгон күрөштөн чогулган акчага өлкө боюнча 15 мектеп курулууда

Жемкорлук менен күрөштөн чогулган акчаны топтоо үчүн ачылган атайын эсепке бир жарым жыл аралыгында дээрлик 2 миллиардга жакын акча каражаты топтолду. Буга чейин белгилүү болгондой чогулган сумманын бир бөлүгү мектеп курууга жумшалмак. Учурда атайын эсептен бөлүнгөн акчага 15 мектепке кошумча корпустар курулууда.

Атайын эсепке чогулган каражаттын эң көп бөлүгүн, тагырагы 1 миллиардга жакын сумманы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы которгон. Ал эми акча которгон күч түзүмдөрүнүн ичинен Ички иштер министрлиги 12 млн сомго жакын каражат топтой алган. Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган 2018-жылдын 2-июлунан 2019-жылдын 24-декабрына чейин бул эсепке жалпысынан 1 млрд 968 млн сом түштү. Анын ичинен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы - 959 млн 388 миң 42 сом которгон. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 369 млн 54 миң 77 сом топтогон. Ал эми Башкы прокуратура тарабынан 628 млн 307 миң 432 сом которулса, Ички иштер министрлиги 11 млн 983 миң 373 сом чогулткан.
Атайын эсеп ачылган күндөн тарта эле чогулган сумманын бир бөлүгү мектеп тартыш болгон аймактарга билим уясын курууга жумшалары айтылган. Ички миграция күч алып, борбор шаардын чет жакаларына отурукташкан калктын саны көп болгондуктан ушул аймактардагы мектептерге кошумча корпустарды куруу чечими кабыл алынган. Атайын ачылган депозиттик эсепке чогулган акчага жалпы өлкө боюнча 15 мектептин кошумча имараты курулат. Жети мектеп Бишкек шаарында, дагы жети мектеп Чүй облусунда. 

Андан тышкары Ош шаарындагы №7 Нариман мектеп-гимназиясына да кошумча корпус салынат. Бишкек шаарындагы мектептерге курула турган кошумча имараттарга атайын эсептен 320 млн сом бөлүнөт. Ал эми Чүй облусундагы 7 мектепке 461 млн сом каралат. Ош шаарына курула турган 500 орундуу имараттын наркы 54 млн сом деп бекитилген. Бүгүнкү күндө жүрүп жаткан жалпы курулуш иштерине 250 млн сомдон ашуун сумма бөлүнүп берилди.