Жаңылыктар
Өзгөчө фермердик чарбаны негиздеген Тургазы Бекембаевдин ишмердиги
Аймак
Өзгөчө фермердик чарбаны негиздеген Тургазы Бекембаевдин ишмердиги

Ысык-Көл облусунун тургуну Тургазы Бекембаев жашы сексен бешке келсе да Кыргызстандагы өзгөчө фермердик чарбаны негиздеп, талбай эмгектенип келет. Ал чет элдик симментал жана швиц пародасындагы сүт жана эт багытындагы уйларды багып, сүт өндүрүүчүлөр тармагына өзгөчө салым кошуп келүүдө.

Симментал жана швиц пародасындагы уйларды гемания технологиясы менен саап алышат. Ар бир уй күнүнө отуз беш, отуз тогуз литр сүт берет. Тургазы Бекембаевдин билдирүүсүндө уйду баканга жараша сүт аласың. Канча тоют берсең ошончо сүт. Мурун сүт арзан кезде аны багып, кайра сүт өткөрүү өзүн өзү актачу эмес. Себеби кеткен тоют көп болчу. Азыр сүттү ар бир литрин 28 сомдон келип алып кетип жатышат. Тургазы Бекембаевдин чарбасы азыр күнүнө орточо үч жүз литрге жакын сүт өткөрүүдө. Жайында жарым тоннага жакын болот.

Чарбада баары ойлонуштурулуп, жалаң заманбап технология менен иштетилет. Уюшулгандан бери беш адам туруктуу иштеп жатат. Сексен төрт баш малдын жарымы жаз алды менен төлдөй баштайт. Бул учурда кошумча күч тартылат. Тургазы Бекембаев өз кесиби ветеринар болгондутан малына өзгөчө көзөмөл жүргүзөт. Уйдун бул түрлөрүн багам дегендер жаңы төлдөн алып кетишүүдө.

Жакында Дүйнөлүк банктын сүт секторунун комплекстүү өнүктүрүү долбоору аркылуу Ысык-Көл облусундагы фермерлерге бир нече жабдыктар тапшырылган. Бул долбоордун наркы беш миллион долларды түзүп, анын алкагында сүт сааган апарат, жем майдалоочу жабдык жана сүттүн сапатын, тазалыгын, майлуулугун жана башка ченемдерин текшерүүчү жабдыктар тапшырылган. Долбоордун алкагында аймактагы сүт заводдору да колдоо таап аларга жабдыктар берилген. Долбоордун алкагында 2000 миң фермерге күрөөсүз жана пайызсыз насыялар берилүүсү каралган. Негизинен мындай жардамга үч миңден ашык фермерлер ээ болгон. Бирок бул долбоорго Тургазы Бекембаевдин чарбасы илинбей, четте калган. Буга фермер нааразы болууда.
Негизинен эле Ысык-Көл облусундагы сүт өндүрүүчүлөр үчүн 2019-жыл ийгиликтүү жылдардан болду. Сүт заводдору жыл сайын жаңы технолгияларды киригизип жатышат. Азыркы тапта эки ири завод ЕАЭБ талаптарына ылайык иш алып барышууда.

Белгилей кетсек Ысык-Көл облусунда 120 миңден ашык саан уй бар. Ал эми Ысык-Көл облусу жыл сайын элүү миң тоннага жакын сүт өндүрөт.