Жаңылыктар
Медицинага арналган 30 жыл. Хирург Акылбек Мусаев “Даңк” медалына татыды
Кыргызстан жаңылыктары
Медицинага арналган 30 жыл. Хирург Акылбек Мусаев “Даңк” медалына татыды

Белгилүү хирург, медицина илимдеринин доктору, профессор Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, №1 шаардык клиникалык оорукананын №2 хирургия бөлүмүнүн башчысы, Акылбек Мусаев “Даңк” медалына татыды.

Жаңы жылдык каникул экенине карабай Акылбек Мусаев иш үстүндө. Биз барганыбызда хирург жаңы эле сокур ичеги болуп келген бейтапка операция жасап бүтүп, эртеңки күндө жасала турган иштерди кесиптештери менен пландап жатыптыр.

Мамлекеттик сыйлык Акылбек Мусавдин 30 жылдык эмгегинин акыбети. Бул жылдар аралыгында 23 миң адамга операция жасап, илдеттен арылышына себепкер болгон. Медицина институтун аяктагандан тартып, №1 Бишкек шаардык клиникалык ооруканада эмгектенип келе жаткан дарыгер 25 жылдан бери бөлүм башчы. Билгенин жаштарга үйрөтүүдөн тажабаган, өзү сыяктуу кесипкөй хирургдарды тарбиялап келе жаткан инсан кесиптештеринин дагы сыймыгы.

2019-жылы №1 Бишкек шаардык клиникалык оорукананын №2 хирургия бөлүмүндө Акылбек Мусаевдин жетекчилиги алдында 1 жарым миң адамга ийгиликтүү операция жасалган. Мунун өзү эле хирург деген кесиптин түмөн түйшүгүн айтып турат. Жаңы жылга утурлай жакшы жаңылыкка кубанып турган сыйлык ээси 30 жылдык эмгеги бааланып, мамлекеттик сыйлыкка татыганы дагы билек түрө кызмат кылууга дем бергенин айтат.

Кесиптештери Акылбек Мусаевге жөнөкөй, элпек анан дагы бир кишинин көңүлүн оорутпаган инсан деген баа беришет экен. Анан дагы татыктуу шакирт даярдай алган мыкты устат экенин айтышты.