Жаңылыктар
Унааларды жеңилдетилген тартипте каттоо аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Унааларды жеңилдетилген тартипте каттоо аяктады

2019-жылдын 31-декабрынан тарта үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген унааларды жеңилдетилген тартипте каттоого алуу аяктады. Жаңырган жылдан баштап ЕАЭБ аймагына ташылып келген унаа каражаттарына кадимки тартипте бажы алымдары алына баштайт. Ал арада социалдык тармактарда унааларын өлкө аймагына киргизүүгө жетишпей калган жарандар бажы кызматы тарабынан алдын ала декларация толтуруу мүмкүнчүлүгү берилбей калганын айтышууда. Бажы кызматы мындай маалыматты расмий түрдө төгүндөйт.

"Биз унаасын киргизүүгө жетишпей калган жарандарга алдын ала декларация толтуруу мүмкүнчүлүгүн түзүп бердик. Ага ылайык 129 жаран унаасы өлкө аймагына кире электе декларация толтуруп, жеңилдетилген тартипте бажы төлөмдөрүн төлөөгө үлгүрүштү. Айдын аяк жагында кирген унаалардын саны көп болду. Ушул учурда жарандарга шарт түзүү максатында бажы кызматы 24 саат бою иштеп жатты", - деди Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Элнура Мамбетжунусова.