Жаңылыктар
Чоң жана Кичи Памирден 9 үй-бүлө Алайга көчүп келди
Аймак
Чоң жана Кичи Памирден 9 үй-бүлө Алайга көчүп келди

Алай районуна караштуу Сары-Могол айыл өкмөтүнө Чоң жана Кичи Памирден 9 үй-бүлө көчүп келди. Буга чейин Памирден аталган районго 2 үй-бүлө келип отурукташкан. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү памирлик жалпы 11 үй-бүлөнү алдын ала даярдалган Х.Алимсеитов атындагы орто мектептин эски имаратына жайгаштырды. Мында, жашоо-шартка зарыл болгон шарттар: жууркан-төшөк, кышкы кийим-кечектер жана башка керектүү бардык буюмдар каралган. 

Этникалык боордошторду курамында: терапевт, акушер-гинеколог, кардиолог, невропатолог, педиатрлары бар Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын дарыгерлери көчмө клиниканын жардамында медициналык кароодон өткөрдү. Буга чейин, аталган райондун Талды-Суу айыл аймагына памирликтер үчүн жети үй курула тургандыгы маалымдалган. Этникалык кыргыздар үчүн турак жай курууга 1,2 гектар жер жана 10 млн сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2020- жылдын апрель айына болжолдонууда. Ооганстандан буга чейин памирлик 33 кыргыз үй-бүлө Нарын облусуна көчүрүлүп келген.