Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде мыкты балбандарынын катарына кирди
Спорт
Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде мыкты балбандарынын катарына кирди

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде 2019-жылдын мыкты балбандарынын катарына кирди. Бул тууралуу Күрөш боюнча дүйнөлүк бирикменин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, кыз-келиндер арасында тизмеде биринчи орунда америкалык Тамира Менса турат. Ал 2019-жылы Нур-Султан шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 68 килограмм салмактагылар арасында чемпион болгон. Рейтингде экинчи орунду Айсулуу Тыныбекова алды. Кыргызстандык балбан кыз да Казакстандын борборундагы дүйнө биринчилигинде 62 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Ал эми үчүнчү орунга германиялык спортчу Алине Фоккен ээ болду.

Жылдын мыкты балбандарын аныктоодо спортчулардын ири мелдештердеги жетишкендиги, катышкан чемпионаттарынын жыйынтыктыгы эске алынган. Анын негизинде биринчи орунга 30 миң, экинчи орунга 20 миң, үчүнчү орунга 10 миң швейцария франкы берилет. Буга чейин Тыныбекова UWW тарабынан "тарых жараткан адам" деп аталган.