Жаңылыктар
2019-жылы Кыргызстанга 28 миңден ашуун унаа ташылып келди
Кыргызстан жаңылыктары
 2019-жылы Кыргызстанга 28 миңден ашуун унаа ташылып келди

2019-жылы Кыргызстанга 28 миң 326 автоунаа ташылып келди. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, машина октябрь, ноябрь жана декабрь айларында, үчүнчү өлкөлөрдөн келчү автоунаалардын бажы төлөмү көтөрүлөрдүн алдында көп ташылды.Военно-Антоновка айылында жана Аламедин станциясындагы автотранспортту бажылык тариздөө жайлары 24 саат иштеп, банктар бажы төлөмдөрүн саат 21:00гө чейин алышкан.Андан тышкары автоунаасын Кыргызстанга киргизүүгө жетишпей калгандардын ичинен 129 адам автоунаасы өлкөгө кире электе эле декларация толтурушту.