Жаңылыктар
Россиянын мушкерлери Кыргызстанга келишти
Спорт
Россиянын мушкерлери Кыргызстанга келишти

Россиянын бокс боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Виктор Фархутдинов жана кураманын 40ка жакын спортчусу Кыргызстанга учуп келишти. Башкы машыктыруучу билдиргендей, спортчулар Чолпон-Ата шаарында 26-январга чейин Лондондо өтө турчу турнирге даярданышат. 

Алдын ала даярданууга команданын төрт курамы келди, анын ичинен сегиз мушкер квалификациялык олимпиадалык турнирге тандалып алынат. Ал эми калган спортчулар башка эл аралык мелдештерге катышышат. Белгилей кетсек, Россиялык спортчулар атайын даярдыктан өтүү үчүн Кыргызстанга төртүнчү ирээт келиши.