Жаңылыктар
Сасык тумоого чалдыгып ооруканага кайрылгандардын саны өстү
Ден соолук
Сасык тумоого чалдыгып ооруканага кайрылгандардын саны өстү

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыгып ооруканага кайрылгандардын саны өстү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Аталган министрлик буга чейин сасык тумоого кабылгандардын саны 5,5 пайызга өскөнүн, ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки балдар экенин кабарлаган.Министрликтин маалыматына караганда, жалпысынан эпидемиологиялык абал туруктуу, сасык тумоологондордун саны адатта ушул мезгилде көбөйүп турат.

Бишкектеги Жугуштуу илдеттер ооруканасы 400 орунга эсептелген, алардын баары учурда толуп, батпагандар коридордо жатат. Бирок баары тең тиешелүү медициналык жардам алууда.