Москвадагы мигранттарга иштөөгө уруксат берген патент баасы 7% кымбаттады."Интерфакс" кабарлагандай, салыкка байланыштуу мыйзамга Москва Думасы өзгөртүүлөрдү киргизген. 2019-жылы мигранттар айына 5000 рубль төлөсө, 2020-жылы 5350 рубль төгүшү керек.
Бул мыйзамдын кыргызстандыктарга тиешеси жок. Орусияда украиналыктар, өзбекстандыктар, азербайжандыктар, молдовалыктар жана тажикстандыктар патент менен иштеши керек. Мындай эреже 2015-жылы киргизилген.Москванын экономикалык саясат жана өнүгүү департаментинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет элдиктер патенттердин эсебинен бюджет 18 миллиард рублга толукталган.