Жаңылыктар
Билим берүүдөгү реформалар
Билим
Билим берүүдөгү реформалар

Билим берүү тармагындагы реформаларга өзгөчө көңүл буруу керек. Бул туурасында Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеваны кабыл алганда айтты.

Өкмөт жетекчиси мугалимдердин айлыгын көтөрүү, мектептерди куруу боюнча иштер жасалып жатканын белгилеп, билим берүү сапатын жакшыртуу, балдардын мектепке чейинки билим алуусуна жеткиликтүү шарттарды түзүү керектигин кошумчалады. 

Министрдин айтымында, өткөн жылы 160тан ашуун бала-бакча ишке берилген, быйыл дагы 100гө жакын бала-бакча ачуу пландалып жатат. Ошондой эле, бала бакчалардагы тарбиячы кесибине жаштар тараптан кызыгуулар артып жатканы белгиленди. Өкмөт башчы бул кесипке суроо-талап жогору экендигин эске алып, кыска мөөнөттүү билим берүү программасын иштеп чыгууну тапшырды.