Жаңылыктар
Орусиянын белгилүү актерлору Бишкекте
Маданият
Орусиянын белгилүү актерлору Бишкекте

Бишкекте биринчи жолу “Жан дил менен маек” спектакли коюлду. Оюн коюлаар алдында, Орусиянын белгилүү актерлору Марат Башаров жана Шамил Аляутдиновдор баштаган башкы каармандар журналисттер үчүн маалымат берди. 

Оюнду коюу үчүн Москва жана Казан шаарынан 50дөн ашуун артист келди. Белгилүү актерлор техникалык жабдыктарын да кошо ала келген. Спектакль буга чейин Москва, Казан жана Уфа шаарларында коюлган. 

Адамдар ортосундагы мамилени чагылдырган бул оюн Кыргызстанда биринчи жолу коюлуп жатат. Кирүү акысынан түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулук үчүн социалдык мекемелердеги балдарга жумшалмакчы.