Жаңылыктар
Өнүктүрүү фонду көп көйгөйдү чечүүдө
Экономика
Өнүктүрүү фонду көп көйгөйдү чечүүдө

  Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан Чулук айылындагы Садыбакас Осмонов атындагы орто мектепке типтүү спорт зал курулуп, пайдаланууга берилди. Бул үчүн аталган фонддон 8 млн. 803 миң сом бөлгөн. 

Өрөөндө 17 мектеп бар болсо, анын дагы экөөнө спорт зал куруу зарылчылыгы бар. Райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен ошондой эле, быйыл Кара-Мык айылындагы жаңы конушка 763 миң сомго таза суу тартылып келинди. 156 миң сомго аймактагы суу кампасы толугу менен каптиалдык оңдоодон өткөрүлгөн. 

Мындан сырткары, өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 1,5 млн сомго Кара-Мык айылындагы негизги унаа жолдун 3 чакырымына жарык берилди. 3 чоң айыл өкмөттөн турган райондо 33 миңдей эл жашайт.