Жаңылыктар
Тоң районунда жаңы мектеп салуу үчүн 70 млн. сом бөлүнүп берилди
Аймак
Тоң районунда жаңы мектеп салуу үчүн 70 млн. сом бөлүнүп берилди

Тоң районунун Оттук айылылында жаңы мектеп салынат. Жаңы курулушту Сауд өнүктүрүү фонду каржылап жалпы 70 млн сом бөлүп берди. Айылдагы орто мектеп 1960-жылдары салынгандыктан эскилиги жеткен. 

Мындан сырткары Ала-Баш айылындагы орто мектеп дагы эскирип, өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан колдонууга болбойт деген бүтүм чыккан. Азыркы тапта бул мектепти долборлоо иштери жүрүп жатат. 

Эске сала кетсек жалпы Тоң району боюнча алты айылда мектеп куруу зарылчылыгы бар. Ал эми төрт айылда болсо республикалык бюджеттин эсебинен мектептердин курулушу жүрүүдө. Анын экөө 2020-жылы сентябрь айында мектеп окуучулары үчүн эшигин ачат.