Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды
Экономика
Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алды. Абдыгулов Улуттук банктын жана банк тармагынын 2019-жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата пландары жөнүндө маалымат берди.

Мындан тышкары, Улуттук банктын төрагасы жеткиликтүү пайыздык чендер менен жеке турак жай сатып алууда бюджеттик тармактын кызматкерлерин колдоого багытталган «Керемет Банкынын», Социалдык ипотека» насыялык долбоордун 2019-жылдагы жыйынтыктары жөнүндө айтып берди. 

Мамлекет башчы өлкөнүн алыскы калктуу пункттарында кластердик долбоорлорду каржылоо, накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептердин үлүшүн көбөйтүү, төлөм карталарын, банкоматтарды, POS-терминалдарды, төлөм терминалдарын кеңири жайылтуу зарылдыгын белгиледи.Кыргызстандыктарга ашыкча бюрократиясыз кредиттик каражаттарды берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана ылдамдыгын жогорулатуучу «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасына коммерциялык банктардын тезирээк кошулуусуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды.

Ошондой эле Президент туруктуу макроэкономикалык абалды камсыздоо жана улуттук валютанын туруктуулугун кармап туруунун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, төлөм системаларын, санарип валютаны жөнгө салуу жаатында мыйзамдарды жакшыртуу жана финансы тармагында заманбап технологияларды киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.