Жаңылыктар
Республикалык бюджеттин кирешеси 126 миллиард сомдон ашык каражатты түздү
Экономика
Республикалык бюджеттин кирешеси 126 миллиард сомдон ашык каражатты түздү

  2019-жылдын январь-ноябрь айларында республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 126 миллиард 19 миллион сомдон ашык каражатты түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады. 

Маалыматка ылайык, бул каражаттын ичинен 55 миллиард 552 миллион сом салыктан, 37 миллиард 744 миллион сомдон ашык каражат бажы төлөмдөрүнөн чогултулган. Өкмөт 2019-жылдагы бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, бюджет 152, 1 млрд. сом киреше, 162 млрд. сом чыгаша болот деп өзгөртүлгөн болчу.