Жаңылыктар
Санкт-Петербургда Токтогон Алтыбасаровага эстелик орнотулат
Кыргызстан жаңылыктары
 Санкт-Петербургда Токтогон Алтыбасаровага эстелик орнотулат

Санкт-Петербургда Кыргызстандык Токтогон Алтыбасарованын эстелиги орнотулат. Токтогон Алтыбасарова согуш жылдарында Ленинград блокадасында 150 баланы баккан.

“Петербургдан мындай жагымдуу кабарды укканыма кубанычтамын. Ошол кездеги чоң өлкөнүн эли бир эле чоң үй-бүлөөдөй болушкан. Мен ошол жылдары блакадачылардын үй бүлөөсүндө төрөлүп кийин Орто Азияга кеттик. Ал жактан ар кандай үй-бүлөөнүн балдарын көрдүм. Ошол балдарды баккан бул аял Борбор Азия элдеринин жалпы эрдиги. Эгер мындай эрдиктер унутулуп калса, адилетсиздик болмок. Ушул улуу кыргыз аялына өзүнчө көңүл бурулганы жакшы болду” - деп жазган белгилүү орус акыны Михаил Синельников. 

Белгилей кетсек буга чейин, Алтыбасарованын уулу Марат Абдиев массалык маалымат каражаттарынын бирине маек берип, анда Санкт-Петербургдун мэриясы жана коомдук уюмдар менен биргеликте согуштун 75 жылдыгына карата эстелик орнотуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. Анда, эстелик Томск шаарында даярдалаарын жана эскизи жөнөтүлгөнүн билдирген.