Жаңылыктар
Ошто мал уурдоого шектелген топ кармады
Кылмыш
Ошто мал уурдоого шектелген топ кармады

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери мал уурдоого шектелген топту кармады.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин натыйжасында 4-январдан 5-январга караган түнү Бишкек шаарына 10 жылкыны автомашинага жүктөп бара жаткан жарандар кармалган. Азыркы убакта уурдалган жылкылардын айрымдары ээлерине кайтарылып берилип жатат. Жылкы ээлери Ноокат районунун тургундары болгон. Шектүүлөр жылкыларды жайыттан уурдап кетишкендиктери тууралуу көрсөтмө беришүүдө. Алар уурдалган жылкыларды Чүй облусунун мал базарларынын биринде сатууну же этке өткөрүүнү пландаштырышкан.

Учурда шектүүлөр Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.