Жаңылыктар
Aйыл чарба азыктарын экспорттоо көбөйөт
Кыргызстан жаңылыктары
Aйыл чарба азыктарын экспорттоо көбөйөт

Кыргызстандан Россияга айыл чарба продукциясын экспорттоочулардын тизмеси кеңейди. Быйылтан тартып айыл чарба азыктарын өндүргөн 98 кыргызстандык ишкана аталган мамлекетке товарларын экспорттой алат. Россиянын айыл чарба көзөмөл кызматы билдиргендей, полуфабрикаттарды кошпогондо, Кыргызстан Орусияга даяр эт азыктарын, сүт, балык жана бал азыктарын жөнөтөт. Бирок талап боюнча продукциялар эл аралык стандартка жооп берип, тиешелүү тастыктамадан өтүшү шарт. Кыргызстандан экспорттолгон продукциялардын ичинен кыргыз балына болгон суроо-талап чоң. Расмий маалыматка караганда өлкөдө жылына 2 миң тоннадан ашуун бал өндүрүлөт. Бул экологиялык таза азыкка Россиянын кызыгуусу артууда. 

Ал эми сүт азыктарын Россияга экспорттоонун келечеги чоң. Эксперттердин айтымында, Россияда өндүрулгөн сүт суюк болуп, кыргызстандын сүт азыктары көбүрөөк кызыктырат. Негизги талап - өндүрүлгөн продукция ЕАЭБ стандарттарына жооп бериш керек. Экономисттердин айтымында экспорт жагынан алганда Россия ири өнөктөш бойдон калууда. Кыргызстан айыл чарба товарларынын экспортун көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Мындан тышкары Кыргызстан Россияга эт азыктарын сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мында өндүрүүчүлөргө катуу талап коюлду. Биринчиден, ишканалар шарп ооруусуна каршы вакцинация жүргүзүшү керек. Экинчиден, эт өндүрүүчү компаниялардын иш процесси Жаныбарлардын саламаттыкттыгын сактоо боюнча Дүйнөлүк уюм койгон сунуштарды эске алышы шарт.