Жаңылыктар
"Унаа" мамлекеттик мекемеси кызмат көрсөтүүлөрүн 6-7-январь дем алыш күндөрү да улантууда
Кыргызстан жаңылыктары
"Унаа" мамлекеттик мекемеси кызмат көрсөтүүлөрүн 6-7-январь дем алыш күндөрү да улантууда

Жаңы күбөлүктөрдүн көбүн буга чейин убактылуу күбөлүк пайдаланып келген айдоочулар алып жатышат. Бишкек шаарынын тургуну Дөөлөтбек Саитов айдоочулук күбөлүктү алгачкы жолу алып жатат. Элдин көптүгүнө карабай кезек күтүү көпкө созулган жок.  Айдоочулук күбөлүк алууну каалагандар өтө көп болгондуктан “Унаа” мекемеси 6-7-январь күндөрү да иштөөнү туура көрдү. Көпчүлүккө иш күн эмес болгондуктан, күбөлүк алууга ыңгайлуу учур.

Калкка зарыл болгон негизги документтерди даярдоону “Инфоком” ишканасы колго алган. Мекеме айдоочулук күбөлүк жарандын арызы, тиешелүү маалымкаттары кабыл алынгандан төрт күндүн ичинде даяр болоорун билдирет. Сынак жүргүзүү жана акырында айдоочулук күбөлүктөрдү берүү ар башка кеңселерде аткарылып жатат. Күбөлүк алуу үчүн өлкө жарандары Бишкекте Ауэзов көчөсүндөгү 4-калкты тейлөө борборуна кайрылышы керек. Калкка зарыл болгон негизги документтерди даярдоону “Инфоком” ишканасы колго алган. Мекеме айдоочулук күбөлүк жарандын арызы, тиешелүү маалымкаттары кабыл алынгандан төрт күндүн ичинде даяр болоорун билдирет.